“…Кыргыздын 14 жаштагы каргадай баласы Ташкенттин чоң көчөсүн аралап, демонстрацияга чыккандар тобуна аптыктырган үн менен кыйкырып баратты. «Кара кыргыз гезити! Кара кыргыз гезитин алгыла, жолдоштор!» Ал бирде дикилдеп жүгүрсө, бирде жай басык менен утур алдыңкы катарларды такымдайт. Кыргыз аттуулар кубанычтары койнуна сыйбай, баланын колунан экиден үчтөн гезит алып, аёолуу немедей ички чөнтөктөрүнө катышат.
Бала жаңы гезитти бекер эле таратып жатты. Бооруна көтөргөн гезит түгөнүп калса, дароо жүгүрүп барып кайра көтөрүп келет. Кара сур өңүндө сөз менен айтып жеткиргис ушунча бактылуулук, бүтүн дүйнөгө өзү кожоюндук кылып жаткандай жан-дүйнөнү эргиткен курсанттык!..” (Мундузбек Тентимишев, “Кыргыз Туусу” XXI кылым гезити, 2004-жыл).
Баланын колу – периштеники
“Эркин Тоонун” уюштуруучулары гезиттин биринчи санын “баланын колу – периштеники” деп ырым кылышып, аны таркатууну балага ыйгарышкан. Кыргыз журналистикасынын негиздөөчүлөрү болгон кайран аталарыбыздын (И.Арабаев, О.Алиев, К.Карасаев, С.Карачев, М.Акматов) жакшы ниеттери, изги тилектери ишке ашып, гезит минтип кылым жашына келип отурат. Дагы да кыргызга кызмат кыла берээрин эске алганда, аталарыбыздын төлгөсү төп түшкөн деп сыймыктануу менен айтсак болот.
Ошол “каргадай бала” көп өтпөй “Эркин Тоонун” активдүү кабарчысы, кийин кыргызга аттын кашкасындай таанымал журналист, мыкты жазуучу болуп чыга келген Мамасалы Абдукаримов атабыз эле.
М.Абдукаримов өзү эскергендей жети жашынан жетим калып, совет өкмөтүнүн жетим-жесирди жерге калтырбаган саясатынын шарапаты менен алгач Ош интернатында, андан кийин Ташкенттеги казак-кыргыз эл агартуу институтунда окууга мүмкүндүк алган.
“Эркин Тоо” гезитинин алгачкы жарык көргөн күнүнөн баштап, кийинки өсүп-өнүгүшү көз алдында өткөн, өзү да чоң салымын кошкон гезиттин калыптануу жолундагы бир катар орчундуу окуяларын “Советтик Кыргызстан” гезитине сандан-санга жарыяланган “Биз ким элек, ким болдук?” деген көлөмдүү макаласында гезиттин тарыхы тууралуу кеңири жазган.
“Өз элибизде жаңы турмушту курууну баштоого убакыт жетти”
Мамасалы Абдукаримов аталган макаласында “Тарыхта биринчи жолу газетабызга ээ болгондон кийин өз жерибизде, өз элибизде жаңы турмушту куруу иштерин баштоого убакыт жетти” деп жазат. Ушул сөздөрдүн артында эмне деген эңсөө-тилектер жатканын баамчыл окурмандарыбыз да байкап тургандыр.
“…Сабактан жаңы гана бошоп, институттун маңдайындагы скверге жабыла чыктык. Укмуштай кооз жер… Бир маалда студкомдо кызматташып жүргөн бир кыргыз жигит энтиге чуркап келе жатканын көрүп, аны утурлай бастык.
– Сүйүнчү, сүйүнчү! – деп кыйкырды ал бизге жакындай келип.
– Эмне болуп кетти? Айт тезирээк!,-дешип, кыргыз-казак дебей, ошол замат аны тегеректеп калдык.
– Кыргыз өз алдынча облус болуптур. Куттуу болсун курдаштар, куттуу болсун! Бардыгыбыз тең “ураа” деп кыйкырып жибердик… “Көп убакыт өтпөй эле элибиздин башына бакты таалайдын дагы бир кушу конду… Октябрь революциясынын жети жылдыгын чоң жогорулаш менен майрамдап жаткан 7-ноябрь күнү кыргыз элинин көп кылымдардан берки тарыхында биринчи жолу өз эне тилинде “Эркин Тоо” газетасы жарык көрдү.
…Мына ошентип автономиялуу областыбыз түзүлүп, тарыхта биринчи жолу газетабызга ээ болгондон кийин өз жерибизде, өз элибизде жаңы турмушту куруу иштерин баштоого убакыт жетти”.
“Газетадан нукура кыргыз сөздөрүн өмүрүбүздө биринчи окушубуз”
Ал эми “Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны колуна тийип, андагы араб тамгасы менен жазылган кыргызча сөздөрдү окуганда бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, кубанганын “Эркин Тоо – элге” деген тарыхый макаласында мындайча эскерет:
“Уу-дуу болуп, кандайдыр бир газетаны талаша алып жаткандардын арасына кирип бардык. Өзүбүзгө көптөн бери тааныш болуп калган Эшеналы Арабаев агай скамейкада отуруп газета берип жатканын көргөндө жүрөгүбүз жылый түштү. Анын жанына жакындай бергенде бир кишидей болуп салам бердик.
– Алейкум ассалом, – деди да бизге жылмая карады.
– И-и, силер да келип калдыңарбы, сагырларым. Мына алып окугула, өз эне тилибизде чыкты. Баарыңарды тең ушул кубаныч менен куттуктайм! – деп газетаны бере баштады.
Рахмат айтып бир четке чыгар замат газетаны жайып жиберип араб тамгасы менен басылган “Эркин Тоо” деген чоң заголовканы окудук. Бул басма газетадан нукура кыргыз тилиндеги өзүбүзгө тааныш сөздү өмүрүбүздө биринчи окушубуз. Газетага жарыяланган макала-кабарларды окуган сайын бүткөн боюбуз ымыр-чымыр болот, кубанычтын, чыныгы улуттук сыймыктын чеги жок… Бул эң сонун тарыхый окуя улуу Октябрдын таң-тамашалуу салтанатын ого бетер шаан-шөкөткө бөлөп, көңүлүбүздү көкөлөттү”.
Гезит жазданып уктап, редакцияда түнөп иштешкен
Мамасалы Абдукаримов “Эркин Тоонун” кантип жаралып, кантип чыгарылгандыгын, кандай шарттарда иштегендерин өз көзү менен көрүп, өзү аралашкан. Макаласында жазгандай ал учурда азыркыдай мүмкүнчүлүк кайда? Редакциядан тапшырма берилгенде кабарчылар төшөнчүлөрүн көтөрүнүп алып, аймактарды аралап, ар кайсы курулуштарда түнөп, кыйынчылыктарга моюн сунбай материалдарды өз убагында даярдоого аракет кылышкан. Ал эми редакциядагы техникалык жазуу-басуу иштерине жооптуу кызматкерлер гезитти үзгүлтүккө учуратпай чыгарабыз деп, суукка карабай редакцияда түнөгөн күндөрү болгон.
Мамасалы Абдукаримов да “Эркин Тоо” гезитинде кабарчы болуп иштеп жүрүп, редакциянын техникалык жагын да мыкты өздөштүрүп алган. Бул тууралуу Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев “Учкан уям” аттуу макаласында мындай деп жазган:
Ал кезде редакция азыркы Киев көчөсү менен Дзержинский бульварынын бурчундагы басмакананын экинчи кабатынан орун алган. Кээде кыштын күнү от жагылбай калат, кантора суук, газета чыгарабыз деп түнөп калган учурларда катуу кыйналабыз. Ушундай күндөрдө белсемдүү иштеген, газетанын техникасын жакшы билген, даярдыгы, билими бар, жазуучу жана мыкты котормочу Мамасалы Абдукаримов бүт аппаратка ак ниет эмгеги менен үлгү көрсөтүп турат. Башыбызга подшивка (тиркелген газеталарды) жазданып, чарчап уктап калган күндөрү Старадубова деген санитарка кемпир келип ойготот. Мамасалы экөөбүз туруп, бирибиздин галстугубузду бирибиз оңдоп, күзгүнүн милдетин аткарабыз” (“Советтик Кыргызстан” 1984-жыл, 28-декабрь).
Жетим жүрүп жетилгенде
Жазуучу, котормочу, журналист Мамасалы Абдукаримов 1910-жылы 5-июнда Ош облусунун Жапалак айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, томолой жетим калган.
1921-1924-жылдары Оштогу балдар үйүндө тарбияланып жүрүп, 1925-жылы Ташкенттеги Кыргыз-казак эл агартуу институтуна окууга жиберилген. Кийин Орто Азияда улуттук чек аралар бөлүнгөн мезгилде окуусун Фрунзедеги педтехникумдан уланткан. 1930-жылы окуусун бүтүрүп, “Ленинчил жаш” гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. 1933-1938-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитинде жооптуу катчы жана бир нече жыл редактордун орун басары болуп эмгектенген. 1943-1947-жылдары Ош обкомунун катчысы болуп иштесе, 1950-1957-жылдары «Кыргызмамбаста» бөлүм башчылык милдетти аткарган.
1957-1968-жылдары “Советтик Кыргызстанда” адабий кызматкер болуп иштеген. 1950-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1930-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
“Курмушунун турмушу”,“Кызыл эмгек”, “Турмуш менен күрөш”, “Үзүлбөгөн үмүттөр”, “Жашагым келет”,“Жаңырык”, “Жол башы” ж.б. ондогон роман-повесттерди жазган. 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”


