Башкы бетке Коом «Советтик  Кыргызстанда иштөө сыймык эле»

«Советтик  Кыргызстанда иштөө сыймык эле»

0
490

Кыргыздын тун басылмасынын бир кылымдык мааракесинин алдында журналисттик эмгек жолумду “Советтик Кыргызстандан” баштап, ал эми тагдыр насип кылып “Кыргыз Туусунан” пенсияга чыкканга чейин эмгектенгеним мен үчүн сыймык.

Университетти кызыл диплом менен аяктадым. Бир чөнтөгүмдө коммунисттик партбилет, бир чөнтөгүмдө кызыл диплом турса да ошол кезде шаарда калып, жумушка орношуу деген кыялдагы нерсе болчу. Эбепке себеп дегендей, менин “Советтик Кыргызстанга” келип жумушка орношуп калышыма чоң түрткү болгон, ошол кезде “Советтик Кыргызстанда” бөлүм башчылык кызматта иштеп жаткан Раматов Курманбек байкем болгон. Баягы жылы жетимиш жылдык мааракесине гезит аркылуу куттуктоо жазып жатканда “Сиз менин “крышам” элеңиз” деп чакан куттук жазгам. Окуган коллегаларым азил-чыны аралаш “сен ошондо эле “крышанын” колдоосунда болгон экенсиң да дешип күлүп жүрүштү.

Курманбек байке мени Ажымукан Түркмөновго ээрчитип келип тааныштырды. Ал киши жооптуу катчы. Мени бир сыйра сынай карап туруп, “мурда бирдеме жазып жүрдүң беле” деп сурады. Этият шарт деп тээ окуучулук кезде райондук “Эмгек майданы” гезитине чыккан чакан макалаларымдан бери топтоп, иш бапкеге тиркеп жүргөндөрүмдү көрсөттүм. Ал киши бир сыйра көз жүгүртүп чыкты да, “сага редакциядан тапшырма, айыл турмушун чагылдырган макала жазып келчи, көрөлү”, деп узатып койду. Бир жумадан кийин “Көз жоосун алган шиңгилдер” деген сыяктуу “Кыргызстан” совхозунун жүзүм талаасында эмгектенген жумушчулардын ишин чагылдырган макала-репортаж жазып келе калдым. Ажыкем мен алып келген материалга көз жүгүртүп карады да, “щиңгилдериңди мага калтырып кой, азырынча бизде кабарчылыкка орун жок, корректорлукка макулсуңбу?”, деп суроолуу карады. Эптеп эле “Советтик Кыргызстанга” иштеп калсам деп турган жаным дароо макул болдум. Анда жүр мени менен деп ээрчитип алды да, түз эле Башкы редактор Жаныбек Турсуновго алып кирди. Чоң кабинеттин тээ төрүндө отурган башкы редактордун сүрүн көргөндө, Ажыкемдин артында калтырап турганымды байкап калдыбы, же дайыма ошондой сүйлөйбү, айтор үнүн өктөм чыгарып, “коммунисттик партиянын катарына качан өттүң?” – деди.

– Совхоздо иштеп, кандидат болуп келгем. Биринчи курстан бери коммунистмин”, – дедим үнүмдү араң чыгарып.

– Нарындык эмессиңби? Кайсы облустан болосуң? – деди кайра.

– Ош облусунун Кара-Суу районунан болом, – дедим өзүмдү токтоо кармаганга аракет кылып.

– Ии андай болсо бара бер, жакшы иштегин уят кылбай, – деп чыгарып жиберди.

Сыртка чыкканда кайдан экениме кызыкканынын себебин Ажыкеден сурадым. Кеп төркүнү башкада экен. Жаныбек Турсунов атбашылык, Ажымукан Түркмөнов кочкорлук экен. Андан башка да ошол кезде “Советтик Кыргызстанда” бир нече нарындыктар иштешет экен. Мунусун көрө албаган бирөө “Турсунов “Советтик Кыргызстанга жалаң атбашылык, нарындыктарды топтоп алды”, деп Борбордук Комитетке тоголок кат жолдоп жиберген экен.

Канткен менен Жаныбек Турсунов гезит жамаатын көкүрөгүн тосуп коргоп турчу. Кандай гана арыз-дооматтар болбосун, “мен коллектив менен талкуулап, чара көрөм”, деп өзүнө жоопкерчиликти алып койчу. “Кук” эткен кузгунга, “как” эткен каргага чокутчу эмес. Ошон үчүн да ал кишини жамаат өтө сыйлап, урматтап турчу. Ал киши коридорго чыкканда жылан сыйпагандай болуп, коридор тымтырс болуп калчу.

Ошентип “Советтик Кыргызстанда” корректор болуп иштеп калдым. Албетте, корректорлук жумуштун да жоопкерчилиги чоң экенин ошондо билбедимби. Ар бир окуган материалыңдан ката кетип калбасын деп, чөптүн арасынан ийне издегендей, тексттин ар бир сабынан ката издейсиң. Ал кезде азыркыдай компьютер кайда, гезит бетине коюлган макаланын ар бир сабы өзүнчө терилет. Таап алган каталарды, терүүчү кыздар бирден чыгарып, кайрадан станоктон тергизип, орду-ордуна жайгаштырып, анан колуңа полосаны берет. Карала-торала болуп, аны кайра окуйсуң, туура оңдолдубу же жокпу деп. Сенден кийин ал бетти нөөмөтчү редактор окуйт. Ал да тапкан каталарын оңдоп, белгилеп туруп колуңа берет. Баягы айлампа кайрадан кайталанат. Андан соң барып, башкы редактордун орун басары окуйт. Эгер ал жерден да ката табылса, убара тартып чуркаганың аз келгенсип, тил укканың ашыкча.

Бир жолу башкы редактордун орун басары кабинетине чакырды. Кирсем “Эй бала, сен эмне көзүң жакшы көрбөйбү. Мобуну карачы, ушул бойдон чыгып кетсе эмне болорун билесиңби?” – деп гезиттин биринчи бетин алдыма таштап койду. Чын эле карасам, “СССР Жогорку Советинин” деген сөз айкашындагы Жогорку деген сөз “Жегорку” болуп кетип калыптыр. Денем муздай эле түштү. Корректорлуктан кабарчылык кызматка которулганыма аз эле болгон. “Ушул ката үчүн эртең иштен айдалып кетериңди сездиңби. Бар оңдотуп келгин. Көзүңдү чоң ачып окуп жүргүн мындан ары”, – деп эскертти да чыгарып жиберди. Ошол ошол болду, азыр да колума гезит тийип калса, окуганда көзүм “төрт” болуп кетет. Коллегаларым тамашалагандай “вечный корректор” болуп калгам.

Ананчы, ошол кезде “Вечерний Фрунзенин” чоң чырга айланган окуясынын изи сууй элек болчу. Аларда да биринчи беттеги баш макалада “Председатель Президиума Верховного Совета СССР” деген сөз айкашындагы “Председатель” деген сөз  “Предедатель” болуп чыгып кетип, башкы редактору баш болуп бир нече кызматкерлер жазаланган.

Мен илим-билим, окуу жайлар, мектептер бөлүмүндө иштеп калдым. Бөлүм башчы Имамады Мамбетказиев эле. Ак көңүл, колу ачык, бапыраган мыкты жигит болчу ыраматылык. Адамгерчилиги, жигитчилиги жагынан алдына киши салчу эмес. Кыргызстандын кайсы жерине барбагын дос-жары, тааныштары тосуп алчу. Редакциянын тапшырмасы менен барганда Мады байке менен чогуу иштейм деген сөз жетиштүү эле. Баргандан келгенге чейин сый-урматтын үстүндө жүрчүсүң.

1980-жылдардын аягында кыргыз тилинин макамы тууралуу сөз катуу жүрүп, ар кандай деңгээлдеги талкуулар болуп жаткан. Ошондо бир жактуу болуп калбасын дешкенби, айтор кыргыз тилин мыкты билген, кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн орус улутундагы адамдар тууралуу да макалаларды жарыялап тургула деген көрсөтмө берилген.

Ушул темага байланыштуу макала жазып бериңиз деген сунуш менен редакция атактуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековго да кайрылган экен. Ал кишинин макаласын мага беришип, “иштеп чыккын да, өзүнө окутуп, кол койдуруп келгин”, дешти. Ошондо бир орус карыя менен Түкөмдүн диалогу бар экен. Орус аксакал Түкөмө кайрылып: – Ээ, Түкө, мен бул айылга келгенде сен зардегиңди сербеңдетип, жылаңач чуркап жүргөн бала элең, – деген жери бар экен.

Редакциядагылар кеңешип, аксакал болсо да Түкөмө минтип айтканы туура эмес болуп калат го, дешип чийдирип салышкан ошол жерин. Мен алып барган макаласын окуп чыгып, “зардегиңди сербеңдетип” деген жерин калтырып эле койсоңор болмок экен. Бала кезде зардегин сербеңдетип жылаңач чуркабаган ким бар эле. Бул чындык да. Менин макаламдын өзөгү, ширеси ушул болчу”, – деп таарынымыш болду эле жарыктык киши.

Ошентип ушул куттуу гезиттин шарапаты менен улуу жазуучубуз Түкөмдүн колунан даам сызып, чайын ичип калган жайым бар.

***

Улуу инсандардын жүрүм-турумунан айта кетчү дагы бир сөз. Баягы жылы Ж. Саалаев редактор болуп турганда көзү барда мурдагы редакторлор менен эмгек жамаатынын жолугу-шууларын өткөрөлү деп аракет жасадык. Турдакун Усубалиевге кайрылганыбызда, ал киши дароо макул болгон. Убактысын аябай кеңири маек куруп берген. Көптөгөн суроолорубузга жооп алганбыз. Токсонго барып калган адамдын эс тутумунун тактыгы, качанкы окуяларга, фактыларга так даана, ай-жылына чейин айтып жооп бергени баарыбызды таң калтырган ошондо. Жолугушуу аяктап, бардык жамаат жабыла узатып чыктык. Үчүнчү кабаттын тепкичине чейин келгенде, силер ушундай эле калгыла деп коштошту Турдакун Усубалиев. Мен тепкичтен жөлөп түшүрүп машинасына чейин узатып коймой болдум. “Бул киши элдин көзүнчө колтуктатпай өзү басат дешкен, саксактап жанында эле бас”, деп кулагыма шыбырап үлгүрдү Жекем. Чындап эле тепкичтен этияттап жөлөп алайын десем, “кармабай, жанымда эле бас, балам”, деп акырын ишарат кылып койду. Тепкич экинчи кабатка бурулуп, узатып тургандар көрүнбөй калганда “Эми колтуктап жөлөп ал, балам. Токсондон кийин кишинин мууну деле бошоп калат экен, жарыктык”, деп уруксат берди. Эшикте күтүп турган машинасына чейин чыканагынан жөлөп, аярлап отургузуп, узатып койдум.

Жарыктык улуу кишилердин улгайганы да, баскан-турганы да бизге үлгү турбайбы көрсө. Өзүнүн небере-чебересиндей болгон жамааттын көзүнчө сыр бербей, тепкичтен түз басып түшүп кеткенине баарыбыз таң калганбыз.

Дегинкиси, кылымдык мааракенин алдында ушул куттуу жерде иштеп жүрүп күбө болгон далай-далай эсте каларлык жакшы жышаандар, саамалыктар тууралуу узун сабак сөз кылса жарашат. Айрыкча улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын утурлай уюштурган жолугушуубуз, ал кишинин да жок дебестен келип, жамаат менен кенен-кесир отуруп, мазмундуу, эсте каларлык маек куруп бергенин кантип эскербейбиз. Балким ошол жолугушуу ааламга бир жаралчу улуу адамдын да өмүрүндөгү акыркы баарлашуусу, чыгармачыл жамаат менен болгон сырдана пикир алышуусу болуп калгандыр…

Аскарбек НАСИРДИНОВ,
“Кыргыз Туусунун” ардагери

Мурунку макалаАкадемик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”
Кийинки макалаМамасалы Абдукаримов – “Кыргыз Туусунун” биринчи таратуучусу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз