Башкы бетке Коом Жунушалиев Казакстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Жунушалиев Казакстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

0
430

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана жана Алматы шаарларынын акимчиликтеринин ортосунда туруктуу негизде тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбор калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда казак тарап менен кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

Казакстандын эчиси Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.

Мурунку макала«Принцтин» иши боюнча жабырлануучу да камакка алынды
Кийинки макала“Менин үйүм” программасы иштелип чыкты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз