Башкы бетке Рубрикасы жок Оштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

0
690

Ош шаардык мэриясы тарабынан жаңы муниципалдык базарды куруу иштери жүрүп жатат.

Жаңы базар «Мегаполис» соода борборунун маңдайына курулууда. Базардын курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр жарыгы орнотулууда. Курулушта 15тен ашык атайын техника иштеп жатат. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 14-июлда катуу сел жүрүп, борбордук базардагы 700дөн ашуун контейнерди каптаган. Ошол учурда базарда соода кылып жаткан бир аял селге агып каза болгон. Мындан улам борбордук базарды шаардын сыртына көчүрүү чечими кабыл алынган болчу.

Мурунку макала“Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду
Кийинки макалаӨспүрүмдүн бутуна бычак сайган «Принцке» «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз