Башкы бетке Рубрикасы жок “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

“Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

0
1127

Беш адамга “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наам ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев журт атасы катары таанылат.

“Ушул адамдар кыргыз эли тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт”, — деген өлкө башчы.
Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп жатканын эске салды.
Мурунку макалаБыйыл 30 мектепте сабак саат 07:30да башталат
Кийинки макалаОштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз