Башкы бетке Рубрикасы жок Бишкектин түндүк-батыш тарабында жаңы шаарча курулат

Бишкектин түндүк-батыш тарабында жаңы шаарча курулат

0
1272

Бишкек шаарында көп функционалдуу шаарчаны курууга мезгил кутусу салынды. Батыш автобекети, «Ош» базары дал ушул шаарчага көчүрүлүп, ал жакка турак үйлөр да түшөт.

Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын директору жана башкалар катышты.

Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.

Жаңы «Ош» базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторан куруу пландаштырылууда.

Турак үйлөр менен катар бала бакча, мектеп да салынары маалым болду.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды
Кийинки макалаСадыр Жапаров Азербайжанга Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине учуп кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз