Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстанда санжыра музейлери түзүлөт

Кыргызстанда санжыра музейлери түзүлөт

0
435

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам кыргыз элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.

Бул мыйзам “КР музейлери жана Музей фонду жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгү “санжыра музейлери” түшүнүгүнүн аныктамасын караштырган 11-пункт менен толуктоо киргизүүнү караштырат.

Ага ылайык, санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер болуп аныкталат.

Мурунку макалаУКМК: Жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объект мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаУКМКнын кызматкерлери Ташовдун өзүнө атайылап залал келтиргенин аныктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз