Башкы бетке Коом Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө куруу пландалууда

Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө куруу пландалууда

0
374

Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн министрдин орун басары Бекназар Базаралиев менен Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү (JICA) Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти.

Кошумча көпүрө куруу Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгы кошумчаланды.

Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда.

Мурунку макалаБишкекте №13 жаңы автобус каттамы ачылды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров: «2024-жыл – «Кылым окуяларынын жылы»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз