Башкы бетке Коом Бишкекте №13 жаңы автобус каттамы ачылды

Бишкекте №13 жаңы автобус каттамы ачылды

0
388

Бүгүндөн тарта Бишкекте №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, автобус Алмата 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталды.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат.

Мурунку макалаӨКМде Бишкек – Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болду
Кийинки макалаБишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө куруу пландалууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз