Башкы бетке Рубрикасы жок Баткенде алты айда 40 чакан ишкана ачылды

Баткенде алты айда 40 чакан ишкана ачылды

0
440

Баткен облусунда алты айда 40 чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында облустун аймагында 2 миң 382 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 413 жумушчу орунга көп.

Бул жумуш орундары мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканаларда, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл чарба тармактарында түзүлгөн кошумча жумуш орундары болуп саналат.

Мындан сырткары, 6 ай ичинде Баткен облусунун аймагында 40 муниципалдык жана жеке менчик киреше алып келүүчү жаңы ишканалар ачылып, 273 жаңы иш орундар түзүлдү.

40 ишкананын ичинен өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү 20 кичи ишкана, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү 4 ишкана, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 7 ишкана, кызмат көрсөтүүчү 6 ишкана жана 3 жаңы соода борбору ачылды.

Бул ишканалардын эсебинен 394 млн сомдук жеке инвестиция өздөштүрүлдү.

Мурунку макалаМыйзамсыз курулуштар: күнөө керкисиндеби, же кемигиндеби?
Кийинки макалаЖалал-Абад шаарындагы курулуштардын жүрүшү текшерилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз