Башкы бетке Коом Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөй соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөй соцобъекттин курулушу жүрүүдө

0
1118

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөй соцобъекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл өткөн жылдагыдан кем эмес социалдык объекттер пайдаланууга берилет.

“Өткөн жылы мамкурулушка 11 млрд. сом бөлүнүп, 500 социалдык объект пайдаланууга берилген. Азыр 6,5 млрд. сомго милдеттенме алып, былтыркы жылдагыдан кем эмес курулуштарды бүтүрүп, ишке беребиз. Азыр 100 мектептин, 150дөй бала бакча жана жана соцобъекттердин курулушу кызуу жүрүп жатат”, — деди Орунтаев.

Мамкурулуштун жетекчиси белгилегендей, 500 курулуштун быйыл 200дөйүн пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде мектептер, бала бакчалар, таза суу курулмалары, ФАПтар, ооруканалар жана башка объекттер бар.

Мурунку макалаБалыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы иш сапары менен Түркияга барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз