Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти.
![]()
Алардын мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты.
![]()
Ийгилик менен кайтып келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасында Сүйүнбек Касмамбетов Париждеги жайкы Олимпиадада Кыргызстандын туусу алты ирет желбирегенин, мунун артында талыкпаган мээнет жана аракет турганын белгиледи.
![]()
Бул Олимпиадада кыргыз спортчулары 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло утту.
206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы 68-орунга чыкты.

