Башкы бетке Коом Куткаруучу Эсен ПРАТОВ: “Кичинекей балдарды куткарып алганда ыйлап жиберем”

Куткаруучу Эсен ПРАТОВ: “Кичинекей балдарды куткарып алганда ыйлап жиберем”

0
1339

Жыл башынан бери 35 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу көп деген сөз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун, суучулдар мектебинин башчысы Эсен Пратов менен мындай көрүнүштөрдүн эмне себептен көп катталып жатканы тууралуу сүйлөштүк. Ал ӨКМде 18 жылдан бери эмгектенет. Ошондой эле, 2009-жылдан бери суучулдар мектебин жетектейт. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду.

– Алгач, балдардын суу-га чөгүп кетүүсү боюнча былтыркы жана быйылкы (жыл башынан берки) статистикалык маалымат менен бөлүшө кетсеңиз.

– Өткөн жылы жалпы республика боюнча 35 киши сууга чөгүп каза болушкан. Ал эми быйыл 24-июнга карата алынган маалымат боюнча алты айдын ичинде эле 34 адам өлүмү катталды. Алардын ичинен 14ү 12 жашка чейинки балдар. Тилекке каршы, бул кырсыктардын көбү жайкы эс алуу учурунда катталууда.

– Быйыл статистиканын өсүп кеткенин айтып жатасыз, буга эмне себеп?

– Биринчиден, аба ырайы же күндүн ысышы себеп болууда. Анткени, күн канчалык катуу ысыса, балдардын ошончолук сууга түшкүсү келет, сергип, эс алып ойногулары келет. Экинчиден, ата-энелердин балдарын кароосуз же көзөмөлсүз калтыруусунан келип чыгууда. Кээ бир учурларда ата-энелер суу жээктеп эс алганы барышат да, өздөрү ичип-жеп, ойноп-күлүп жыргай берип балдарын унутуп коюшат. Бул – кайдыгерлик. Бул – чоң ката. Ата-эне андай жерлерге барганда, балдарына өтө сак мамиле жасашы керек. Керек болсо көздөрүн албашы керек. Анткени, сууга түшүп кеткен баланын жардам сурап кыйкырганга же башка иш аракет кылганга мүмкүнчүлүгү болбойт. Тилекке каршы, чоң кишилердин, ата-энелердин көңүл коштук мамилелеринен улам, кырчындай өмүрлөр кыйылып жатат. Мындан башка дагы бир себеби, жазында, жайында тургундар тоого барышат. Жаратылышка суктанышат. Кооздуктун койнунда сүрөткө, видеого түшөбүз дешет. Бирок, ошол суунун жээгиндеги таштардын балырланып, тайгалак болуп каларын эске алышпайт. Андан сырткары, бизде кыргыздарда эмне көп, той-аш, шерине көп. Азыр шеринелерди ошондой талаа-түздөгү эс алуу жайларынан өткөрүү салтка айланып баратат… Сактансаң сактайм дейт го. Ошондуктан, дайыма коопсуздук эрежелерин сактап, ар бирибиз өзүбүзгө сак болушубуз керек. Айтор, санай берсек, себептери көп…

– Коопсуздук эрежелери демекчи, сууга же сүрөткө түшүүгө болбой турган жерлерде эскертүү белгилери коюлганбы бизде?

–  Бардыгында болбосо дагы, тыюу салынган табличкалар орнотулган жерлер бар. Бирок, ал табличкаларды койсок деле, телевизордон, радиодон сайрап, коопсуздук эрежелерин эскертип жатсак дагы болбойт деген жерге билип туруп барып, сууга түшүшөт.

– Бул маалыматтын жетишсиздигинен эмеспи?

– Мүмкүн. Бирок, биз колубуздан келишинче видео роликтерди тартып, даярдап интернет булактарына таратып жатабыз. Эң өкүнүчтүүсү, ата-энелер башынан кайгылуу окуя болуп өткөнгө чейин андай эскертүүлөргө, маалыматтарга анча маани беришпейт. Эреже боюнча, ата-эне биринчи кезекте ошондой нерселерге көңүл буруп, реакция жасап, балдарына үйдөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Каякка барууга болот, кайсыл жакка барууга болбойт биринчи кезекте ата-энелер, чоң кишилер билиши абзел.

– Ата-энелер ушул сыяктуу дагы кандай катачылыктарды кетиришет?

– Алардын эң чоң катачылыгы суунун жээгине эс алганы келип, ичимдик ичкендери. Мен учурдан пайдаланып, бардык ата-энелерге кайрылат элем. Жакында эле баарыбызга сабак болчу кайгылуу окуя катталды. Суу жээгине, көлгө эс алганы барганда спирт ичимдиктеринен алыс болсок. Ошондой эле, кичинекей балдарды колуңуздардан чыгарбай жетелеп, 75 см. тереңдиктеги гана сууга түшүрсөк. Андан сырткары, балдардын сууга акырындык менен кирип, денени көндүрүп алуусуна көңүл буруш керек. Анткени, кээде сууну кечип көрбөй туруп, ага секирген учурлар болот. Андайда балдардын дене бою, буттары тырышып, сүзө албай калышат.

– Кырсыктарды болтурбоо же алдын алуу боюнча кандай иштерди алып барасыздар?

– Биз жайкы сезонго кышында, январь айында эле даярдана баштайбыз. Айыл өкмөттүн, айыл башчылардын, мэриянын өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барабыз. Бардык мекемелерге каттарды жөнөтөбүз. Андан сырткары, куткаруучуларды окутабыз.

– Өзүңүздүн практикаңызда куткаруу иштери боюнча эсиңизде калган окуяңыз барбы?

– Бир учур эсиме түштү. Андан бери көп жыл өтүп кетти. 31-декабрь болчу. Жаңы жыл алдында бизге билдирүү келип түштү. Эки кичинекей бала муздун үстүндө ойноп жүрүп, сууга түшүп кетишкен экен. Биз барганча атасы жардам берем деп сууга секириптир. Бирок, балдарын таба албай суунун ортосунда музду кучактаган бойдон туруптур. Кычыраган кыш чилдеси эле. Бактыга жараша биз маалымат түшөр замат жетип барган үчүн, эки баланы, алардын атасын дагы куткарып аман алып калганбыз. Тез жардам кызматы келгенчекти көрсөтө турган жардамды көрсөтүп, ал тургай ооруканага да өзүбүз жеткирип барганбыз (тез жардам кызматы келбей калып).

– Куткаруу иштери ийгиликтүү аяктаганда же адамдарды аман алып калган учурда кандай сезим болот?

– Билесизби, андай учурда дене боюң титиреп, көзүңдөн мончок-мончок жаштар тоголонуп кетет. Өзгөчө кичинекей балдарды куткарып алганда ыйлап жиберем. Эркек башым менен ыйлабайын, элге көрсөтпөйүн дейсиң. Бирок, андай учурда өзүңдү кармана, башкара албай каласың. Муун-жүүнүң бошоп, башкача бир сезимге ээ болосуң. Өзүмдүн жасаган ишиме ыраазы болуп, кесибим менен сыймыктанып кетем. Ал эми куткаруу иштери биз ойлогондой, биз күткөндөй болбой калганда, аттиң дейсиң…

– Учурда суучулдар мектеби кандай шартта иштеп жатат? Куткаруучуларды окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнбү?

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору жана суучулдар мектеби 2009-жылы негизделген. Ошондон бери эки багытта иш алып барып келебиз. Тагыраак айтканда, суудагы куткаруучуларды жана суунун астындагы техникалык иштерди жана изилдөөлөрдү алып барган суучулдарды (водолаз) даярдайбыз. 1 жылда 250дөн 350гө чейинки куткаруучуларды даярдайбыз. Андан сырткары, республика боюнча ӨКМге караштуу 100дөй суучул бар, аларды окутабыз. Керектүү жабдыктар, атайын формаларыбыз жетиштүү.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаНурланбек Шакиев Гүлчө айылынын ооруканасына тез жардам унаасын тапшырды
Кийинки макалаЖоробек СУЛТАНАЛИЕВ: “Бир акын бар элине али белгисиз…”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз