Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев Гүлчө айылынын ооруканасына тез жардам унаасын тапшырды

Нурланбек Шакиев Гүлчө айылынын ооруканасына тез жардам унаасын тапшырды

0
1482
Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы Гүлчө айылында жайгашкан ооруканага тез жардам унаасын жана 300 миң сом тапшырды. 
Оорукананын иши менен таанышып чыккан Төрага анда иштеген жамаат менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу кеп кылды.
“Акыркы жылдары мамлекет тарабынан калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган алгылыктуу аракеттер жасалып, көптөгөн медициналык мекемелер курулууда. Эскилери жаңыланып, заманбап жабдуулар менен камсыздалууда. Ошондой эле дарыгерлердин айлык маянасы жогорулатылып, чоң колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул элибиздин ден соолугу жана улутубуздун саламаттыгы үчүн өтө маанилүү”, – деди Нурланбек Шакиев.
 “Элет жериндеги медициналык мекемелерде пенсия курагындагы аталарыбыз жана апаларыбыз эмгектенип жатат. Алар кетсе, дарыгерсиз кала турган айылдар арбын. Андыктан, аймактарга жаш адистерди тартуу үчүн айлык маянаны көбүрөөк төлөш керекпиз. Шаарда эмгектенгендерге караганда элет жеринде иштеген дарыгердин айлыгы 30%га арбын болушу шарт. Бул сөзсүз өз натыйжасын берет”, – деди.
Мурунку макалаБишкектен троллейбустар толугу менен алынат
Кийинки макалаКуткаруучу Эсен ПРАТОВ: “Кичинекей балдарды куткарып алганда ыйлап жиберем”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз