Башкы бетке Рубрикасы жок Москва районунун акими Ниязбек КОЗУЕВ: “Заводдон автоунаанын 12 түрү чыгарылат”

Москва районунун акими Ниязбек КОЗУЕВ: “Заводдон автоунаанын 12 түрү чыгарылат”

0
570

– Ниязбек Эгемкулович, машина куруу заводунун ачылышы тууралуу биздин окурмандарга маалымат бере кетсеңиз?

– Бул автоунаа заводу Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу ачылды. Президенттер аркылуу макулдашылып, 2023- жылдын 11-майында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен капсула салынган.

2024-жылдын 18-июнь күнү Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекет башчыларынын катышуусунда (онлайн тартипте) ачылышы болду. Ак-Суу айылындагы “Алтын тулпар” ЖЧКсы тарабынан автоунаа чогултуучу завод курулуп толугу менен ишке берилди.

Курулуш негизи үч баскычтан турат. Биринчи баскычы толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди. Биринчи баскычында – 100  адамга чейин  жумуш орду камсыз болот. Бул заводго 6 айда 78 млн. сом каржыланды. Бүгүнкү күндө 40 адам эмгектенүүдө. Жыл аягына чейин100 адамга чейин жумуш орундары түзүлөт.

– Бул заводдон кандай үлгүдөгү автоунаалар чогултулат?

–  Негизинен автоунаанын 12 түрү чыгат. Жеңил машиналар, коммерциялык машиналар… Учурда чоң тетиктерди чогултуу иштери жүргөн болсо, экинчи, үчүнчү баскычтарында ар бир тетиктер Ак-Суу айылындагы заводдон чыгып, автоунааны толугу менен өзүбүздөн курап чыгаруу пландалган. Толугу менен ишке киргенден кийин 1600 кишиге жумуш орундары түзүлөт.

– Өндүрүштү жандандыруу үчүн инвестиция тартуу маанилүү эмеспи. Бул багытта кандай иш аракеттерди жүргүзүп жатасыздар?

– Жалпы Москва району боюнча жыл башынан бери алты айдын ичинде 1 млрдга жакын инвестиция тартылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу алда канча көп. Тагыраак айтканда, быйыл алдыга жылдык. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой,  Президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгына ылайык, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүү, инвестиция тартуу боюнча бизге атайын тапшырмалар келет.

Ошондой эле, быйыл 36 объект пайда­ланууга берилди. Былтыркы жылга салыштырганда 15 обьектке көп болду. Бүгүнкү күндө жалпысынан 347 жумушчу орун түзүлдү. Андан сырткары, 500-1000 кишиге чейинки убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылдык. Мындан сырткары, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Москва районунда “Баэлим” ЖЧКсы томат жана сок чыгаруучу завод куруп жатат. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. 6-сентябрда ачууну пландаштырып жатабыз. Аталган завод ишке кирсе, туруктуу 100 жумуш орду пайда болот. Андан сырткары, 500 убактылуу же болбосо сезондук жумуш орундары түзүлөт.

Муну менен катар Садовое айылында Ак-Суу ЖЧКсы тоок фермасын куруп жатат. Аны октябрь, ноябрь айларында ачылат деп турабыз. Бул жерде дагы 50 туруктуу жумуш оруну камсыз болот. Тоок фермасында бир жылда 8 млн. жумуртка өндүрүлөт. Өндүрүлгөн жумурткаларды экcпортко чыгаруунун жолдорун сүйлөшүп жатабыз.

Андан сырткары, биздеги эң чоң ишканаларды айтып кете турган болсок, Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Торпок айылында керамзит заводу ишке кирүүнүн алдында турат. Буюрса, быйылкы жылдын күз айларында ишке берилет деген ишеничтебиз. Бул завод ачылса, 60 кишиге чейин жумушчу орундар түзүлөт. Бул завод дубалдарды жылуулоочу курулуш материалдарды даярдай турган завод. Азыркы күндө 40 киши эмгектенип жатат. Тиешелүү юридикалык иш кагаздарды даярдап берүү боюнча райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын чечимдеринин негизинде бардык мекеме-ишканаларды трансформациялоо иштери боюнча мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз. Бул объектилердин бардыгы жеке ишкерлер, донорлор тарабынан ачылып жатат.

– Райондо айыл аймактарын реформалоо саясаты жыйынтыкталдыбы?

– Өзүңүздөр билгендей Москва районунда  мурда 12 айыл өкмөт бар болчу. Бүгүнкү күндө 5 айыл аймагы калды. Ак-Суу айыл өкмөтү 7 айылдан тургандыктан, ал ошол боюнча эле калды. Беловодское айыл өкмөтү менен Биринчи май айыл өкмөтү биригип, Нарзан айыл өкмөтү болуп калды. Петровка айыл өкмөтүнө Беш терек жана Предтеченка айыл өкмөттөрү биригип Төрт-Күл айыл өкмөтү болуп калды. Ушул сыяктуу эле башка айыл өкмөттөр дагы бириктирилип жана айткандай 5 айыл аймагы калды. Бул боюнча элдерге айылдык кеңештин депутаттары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө эч кандай маселе жаралган жок.

– Райондо кайсы тармактарга артыкчылык бериш керек деп ойлойсуз?

– Биздин район негизинен агрардык багытта. Демек, негизги басым ошол багытка жасалган. Жалпы район боюнча 24 ар кандай суу сактоочу БДР, БСРлерибиз, көлмөлөрүбүз бар. Мына ошол БДР, БСРлерди тазалоо иштерин алып барып турабыз. Себеби, сугат мезгилинде дыйкандарды толук кандуу суу менен камсыз кылуу негизги максатыбыз. Башкача айтканда, Москва районунда айыл чарбасына басым жасалат. Себеби, биздин калк мал чарба жана айыл чарбасы менен алектенет.

Быйыл мамлекет тарабынан дагы бир топ жакшы иштер болду. Биздин райондогу эки БДРди тазалоого мамлекеттен 25 млн. сом бөлүндү. Бул каражатты максаттуу пайдаланып, эки суу сактагычыбызды тазалап, оңдоп-түзөп алдык. Мындан сырткары, райондук өнүктүрүү фондуна мамлекет тарабынан 20 млн. сом каражат бөлүнгөн болсо, анын 5,5 млн. сомуна суу чарбасын колдоо максатында, экскаватор  сатып бердик.

– Жыл соңуна чейин аткарыла турган кандай иштер бар?

– Жылдын аягына чейин бизде эң негизги көйгөй болуп жүргөн  Беловодское айылындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү суу көйгөйү бар. Бул боюнча жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөттөр менен биргеликте жергиликтүү бюджеттен 30 млн. сом акча элди таза суу менен камсыз кылуу максатында бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 3 скважина толугу менен тазаланып, 1 км. трубаны алмаштырып, пайдаланууга бердик. Андан сырткары, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Беловодское айылынын борборундагы парк реконструкцияланып, эл үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Тротуарлары оңдолду, жарыктандыруу иштери жасалды.

Демөөрчүлөр тарабынан 15 млн. сомго чейин каражат топтолуп, эгемендүүлүк күнүнө карата бир скверди пайланууга беребиз деген максатыбыз бар. Ошондой эле, Беловодское айылында жаш өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби бар эле. Былтыркы жылы биздин баланска өткөн. Мектеп 30 жылда бир да жолу оңдолгон эмес. Өткөн жылы ал имараттын чатырын, полун алмаштырдык. Бүгүнкү күндө 700гө жакын балдар спорттун ар кайсы түрү боюнча кружокторго катышып, бир топ ийгиликтерге жетишип жатышат. Быйылкы жылы борбордук стадионду реконструкциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттен жана районду өнүктүрүү фондунан жалпы суммасы 45 млн. сомго чейин акча бөлүп, бүгүнкү күндө тендерлер өткөрүлүп, жумуш башталды.

Андан сырткары, Петровка айылында көп жылдан бери иштебей туруп калган интернат бар болчу. Ал интернатты да жергиликтүү бюджеттен жана АРИСтен, районду өнүктүрүү фондунан акча бөлдүрүп, 17 млн. сомго оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Учурда 160 орундуу бала бакча ачып жатабыз. Быйыл күздө ишке берилет.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Чоң-Арык айылында дагы демөөрчүлөр тарабынан 100 орундуу бала бакча салынып баштаган. Азыркы тапта курулуш иштери аяктап калды. Жакында Чоң-Арык айылында бала бакча маселеси чечилет. Ошондой эле, районду өнүктүрүү фондунан Ак-Суу айыл өкмөтүндө бир дагы парк же эс алуучу жерлер жок экен. Быйыл 7,5 млн. сомго паркты куруу иштери жүрүп жатат. Негизинен айтканда, райондо жакшы иштер жүрүп жатат. Көйгөйлөрдү убагында чечип, элдин мамлекеттин ишмердүүлүгүнө болгон ой-пикирин оңдогонго аракеттер болуп жатат.

Аида БОЛОТБЕК кызы, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаДинара ЧОЧУНБАЕВА: “Негизги максатыбыз – кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактап калуу”
Кийинки макалаИскендер ОСКОМБАЕВ:«Алты айга белгиленген бардык долбоорлорду аткардык»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз