Башкы бетке Илим Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту

0
1122

Кыргыстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашы италиялык Мишел Балдассини судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип алды.

Ал эми 1/8 финалга чыгуу үчүн беттеште мозамбиктик мушкер Армандо Сигауканы утту. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон мелдеште уругвайлык Лукас Гарсияны артта калтырды. Чейрек финалда Азербайжандын өкүлү Шамил Аскеровду утту.

Кыргыз мушкери жарым финалда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калды. Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Лицензиялык мелдеш Бангкок шаарында 23-майдан 2-июнга чейин болуп өттү. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашты.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 13 жолдомо алышкан Быйыл Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Парижде өтөт. Медаль үчүн спорттун 45 түрү боюнча 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчү күч сынашат.

Мурунку макалаТөрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышат
Кийинки макалаНарында сейил бак жана эки футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз