Башкы бетке Рубрикасы жок Нарында сейил бак жана эки футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Нарында сейил бак жана эки футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

0
1082

Нарын районунда сейил бак жана эки футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алсак, Жалгыз-Терек айылында кичи футболдук аянтчасы жана Кызыл-Жылдыз айылында А.Акматов атындагы “Жеңиш” сейил багы, ушул эле айылда кичи футбол аянтчасы ачылды.

Ачылыш аземге президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, коомдук ишмер, Жогорку Кенештин бир нече чакырылышынын депутаты Алмазбек Акматовдун санаалаш достору, уул-кыздары жана айыл тургундары катышты.

Жалгыз-Терек айылындагы футболдук аянтча “Премьер право” ЖЧКсы тарабынан берилген кайтарымсыз жардамдын эсебинен курулса, Кызыл-Жылдыз айылындагы сейил бак үчүн Нарын районунун өнүктүрүү фондунан 1,5 млн. сом, шондой эле жергиликтүү бюджеттен 380 миң сом бөлүнгөн. Ал эми ушул айылдагы футболдук аянтча “Эйти Минералс” жоопкерчилиги чектелген коомунун демөөрчүлүгү менен 2 млн 980 миң сомго курулган.

Мурунку макалаМушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту
Кийинки макала“Келишсин, баарына иш беребиз”. Садыр Жапаров курулуштар боюнча иликтөөгө комментарий берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз