Башкы бетке Коом «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси жаңылоодон кийин ачылды

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси жаңылоодон кийин ачылды

0
1304

Бүгүн Аламүдүн капчыгайындагы «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси реконструкциялоодон кийин салтанаттуу ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Аталган комплекс жыл башында президенттин иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына өткөрүлгөн.

Алты айда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, комплекс толугу менен жаңыланды.

Курортто 30 эс алуучу коттедж бар, анын 18и стандарт, 12си люкс.

Ошондой эле эс алуу комплексинин аймагында булактар жана минералдык суулар бар, алардын температурасы +53 градуска жакын. Бул суу ревматизм, полиартрит, радикулит сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат жана радон ванналары иммундук системага жакшы таасирин тийгизет.

 

Мурунку макалаКыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы CAFA турниринин финалына чыкты
Кийинки макалаСадыр Жапаров «Теплые ключи» курорттук комплексине барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз