Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров «Теплые ключи» курорттук комплексине барды

Садыр Жапаров «Теплые ключи» курорттук комплексине барды

0
1275
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды.
Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.
Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында дарылоо-ден соолук чыңдоо комплекси Президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.
Садыр Жапаров дарылоо-ден соолук чыңдоо комлпексин көрүп чыккан соң санаторийдин кызматкерлери менен маектешти.
Мамлекет башчысы кызматкерлердин ойлорун угуп, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге ден соолукту чыңдоо комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.
 Учурда «Теплые ключи» санаторийи кыргызстандыктарды да, туристтерди да ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн кабыл алууга даяр.
Мурунку макала«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси жаңылоодон кийин ачылды
Кийинки макалаСадыр Жапаров «Алтын сертификат» алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз