Башкы бетке Рубрикасы жок Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

0
1056

Бүгүн Жети-Өгүз районунун Барскоон капчыгайында чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жана райондун активи катышып, бул долбоордун облус жана жалпы өлкө үчүн мааниси зор экендигин баса белгилешти.

“Барскон кичи ГЭСинин курулушу – биздин аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жасалган олуттуу кадам”, – деди облус башчысы.

Барскон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 706 млн. сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан Global Gidro компаниясы аркылуу алып келинет.

Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 млн. киловатт-саатты түзөт. Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалууда.

Белгиленгендей, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу үчүн облус боюнча 31 жер тилкеси бөлүнгөн.

Мурунку макалаЖК башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди
Кийинки макалаВелоспорт боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатына катышат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз