Башкы бетке Рубрикасы жок Кемин районунун акими Кутпидин ШАКИРОВ: “Райондо өнөр жай продукциясын өндүрүү 4,7 эсеге...

Кемин районунун акими Кутпидин ШАКИРОВ: “Райондо өнөр жай продукциясын өндүрүү 4,7 эсеге өстү”

0
523

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аткарылган  иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыктарынын  алкагында жүргүзүлүп, Кемин районунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн  аткарууга  жана  калктын  жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү, учурдагы реалдуулукка, коомдун керектөөлөрүнө жана келечектеги чакырыктарга ылайык келген башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерин ишке ашыруунун жыйынтыгында Кемин  районунда 4 айыл аймагы, 2 райондук маанидеги шаар жана 37 айыл бар.

Район бекитилген планды ашыгы менен аткарды

2024-жылдын 8 айында мамлекеттик бюджеттин   план-тапшырмасынын жалпы көлөмү 576894,4 миң сом болсо, аткарылышы 597674,0 миң сомду түзүп, 103,6% аткарылды. Өсүү темпи 104,0%.

2023-жылдын 8 айына салыштырмалуу 12250,0 миң сомго көп өндүрүлдү.

Республикалык бюджетке түшкөн салыктардын суммасы боюнча  берилген план-тапшырма  410616,0 миң сом болсо, аткарылышы  421292,2 миң сомду түзүп, 102,6%  аткарылды. Өсүү темпи 103,0% түздү. 2023-жылдын 8 айына салыштырмалуу 8198,0 миң сом көбүрөөк өндүрүлдү.

Жергиликтүү бюджеттин бекитилген план-тапшырмасынын жалпы көлөмү  166278,4 миң сом болсо, аткарылышы 176381,8 миң сомду түзүп, 106,1%  аткарылды. Өсүү темпи 106,0%.

2023-жылдын 8 айына салыштырмалуу 4052,0  миң сомго  көп өндүрүлдү.

Өнөр жай продукциясы

Кемин районунда өнөр жай продукциясы 15288045,7 миң сомго  өндүрүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 106,0 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 237 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 9822921,1 миң сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7 эсеге көп болду.

Аймактарды өнүктүрүү

Бул максатта “Терек Таш” ЖЧКсынын клинкер өндүрүү боюнча ири өнөр жай ишканасынын курулушун аяктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Заводдун ачылыш аземи 2024-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышусунда болуп өттү. Учурда 500дөн ашык адам  иштейт.

«ЗЭТ Цемент» ЖЧКсы Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы цемент заводунун курулушун кайра баштоону пландап, учурда алар акиташ кенин иштетүү максатында берилген ижара шартында жер тилкесин пайдалануу укугун узартышты.

«Кыргызалтын» Ачык акционердик коомунун туунду компаниясы «Шибер-Тоо» жоопкерчилиги чектелген коому Мироновское кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди баштады.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу максатында Чым-Коргон жана Кичи-Кемин айыл өкмөттөрүнүн административдик чектеринде жайгашкан 365,42 га жана 161,5 га жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду.

Айыл өкмөттөрдүн, мэрлердин иш-аракети

Шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү менен биргеликте уруксат кагаздары жок орнотулган көрнөк-жарнактарды, имараттарды демонтаждашкан. Эл аралык Бишкек-Торугарт автомагистралына катарлаш жайгашкан аймактарды талаптагыдай эстетикалык келбетке келтирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.

Кемин районуна туристтерди жана эс алуучуларды тартуу максатында Кемин районунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен жерине эски стелла демонтаждалып, жаңысы орнотулду.

“Алакуш” этнокомплекси элге кызмат кылууда

Чоң-Кемин айыл өкмөтүндө “Алакуш” этнокомплекси иштей баштады. RestPoint  эс алуу пункту иштеп жатат. Душ жана дааратканалар, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдылган эс алуу пункту, чакан кофе дүкөнү, сувенирлери бар күркө жана заряддоо пункттары бар. Туристтик интерактивдүү дисплей орнотулуп, туристтерге керектүү бардык маалыматтарды камтыган – маршруттар жана аттракциондор, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жерлер көрсөтүлгөн. Эс алуу пункту 24 саат бою ачык.

Ички жолдор маселеси чечилүүдө

2024-жылдын 8 айында узундугу 15,3 км жолго асфальт төшөлдү, анын ичинде Орловка шаары -2,5 км, Кемин шаары – 1,4 км, Чоң-Кемин айыл өкмөтү -– 4,0 км, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү – 2,4 км, Кичи-Кемин – 5,0 км узундуктагы жолдор бүткөрүлдү.

Кемин райондук өнүктүрүү фонду

2024-жылга Байкоочу кеңеши тарабынан жалпы суммасы 291 204 973,7 сомду түзгөн  60 долбоор жактырылган, анын ичинен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча жалпы суммасы 13 302 007,7  сомго 8  долбоор, бюджеттик каражаттардын эсебинен 134 188 393 сомго 20 долбоор жана атайын каражаттардын эсебинен 32 долбоор 143 714 573  сом.

Дан эгиндери 100% жыйналып бүттү

Кемин району боюнча бардыгы 27487 га айдоо жер аянты, анын ичинен 24295 га суу баскан жер, 3192 га жер аянты кайрак.

2024-жылдын 19-сентябрына карата 9839 га жер аянтынын кылкандуу дан эгиндери 100% жыйналып  орточо  түшүмдүүлүк 30,0 ц/га айланды. Оруп жыйноо өнөктүгүнө район боюнча  32-34 комбайн катышты.

Сугат суу менен камсыздоо

Кемин суу чарба башкармалыгынын карамагында 70,5 км чарбалар аралык каналдар, 38 суу өлчөгүч, 2 суткалык суу сактагычтар жана 1 насостук «Жылтыр» станциясы бар. 544,4 км ички чарбалык сугат каналдар жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарынын карамагында. Чарба аралык каналдарды жана ички каналдардын 2024-жылга пландалган тазалоо иштери вегетациялык мезгилине карата дээрлик 100% пайызга аткарылган.

2024-жылдын вегетациялык мезгилине карата дыйкан-фермерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында Кемин райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Суу пайдалануучу ассоциациялары  менен жалпы дыйкан чарбаларга 126,0 млн. м3 сугат суу берүүгө 3 млн. 713 миң 380 сомго келишим түзүлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата 69 млн. 485 миң3 суу, акчалай наркы 2 млн. 916 миң сомго же 69% сугат суу берилди.

Кайра иштетүү тармагы

Кемин районунун аймагында «Юнайтед фуд Альянс»  кичи сүт заводу Чоң-Кемин айыл аймагынын Шабдан айылында жайгашкан. Кубаттуулугу суткасына 20 тонна, 12 жумушчу иштейт.  Жаңыдан иш жүрүп жаткандыгына байланыштуу суткасына 2 тонна сүттү кайра иштетүүдө.

Долбоорлорду каржылоо

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында  ААК “Айыл-Банк”  аркылуу 108 кишиге 49,0 млн. 872 миң сом жана ААК  “РСК-Банк” аркылуу 65 кишиге 68 млн. 600 миң сом жеңилдетилген 10 % пайыздык насыя  берүүсү каралган. Бардыгы 189 дыйканга 167 млн. 993 миң сом насыя берилди.

2024-жылдын 8 айынын ичинде 14 фермер айыл чарба техникаларын  лизинг аркылуу бардык наркы 43 млн. 288 миң 900 сомго  алышты.

Кемин районунун  аймагында,  Кемин шаарында  ФАО ООНдун долбоорунун алкагында 2018-жылдын ноябрь айында 300 тонна сыйымдуулугу менен локалдык логистикалык борбор ишке кирген.

Андан сырткары 2019-жылдын сентябрь айында Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Алтымыш айылында жеке ишкер Ө. Абдразаков 300 тонналык сыйымдуулугу менен логистикалык борборун орнотуп, ишке
берилди.

Социалдык тармактагы курулган объектилер

Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кемин району боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында кыска мөөнөттүү 3 сааттык 7 бала бакча ачылды. Ошондой эле, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун каржылоосу менен Тегирменти айылында ФАП 3 505,0 миң сомго капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилди.

2024-жылдын 15-августунда Чым-Коргон айылында кайрымдуулук фонду тарабынан  каржыланган  Социалдык комплекс ачылып, 75 орундуу бала бакча, билим берүү борбору, балдар аянтчасы жана мечиттин курулушу аяктап, иштей баштады.

Мындан тышкары, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, ишке берилди.

Келечекте курула турган социалдык объектилер

Республикалык бюджеттин эсебинен Ильич айылында 100 орундуу бала бакча жана Ак-Бекет айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 орундуу бала бакча курулуп башталды.

Кызыл-Октябрь айылында спорт-комплексинин курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат.

Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Борду айылында ФАП 6,9 млн. сомго Кемин райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен, ошондой эле  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кашкелең айылында ФАП жалпы суммасы 5,4 млн. сомго Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун каржылоосу жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп  жатат.

Азыркы учурда Кемин райондук жалпы дарыгердик практика борборунун аймагындагы эски жугуштуу оорулар бөлүмүнүн профилин алмаштырып, жатакана кылууга тиешелүү жактардан макулдук берүүчү кагаздар алынып бүттү. Эми Кемин райондук мамлекеттик администрация-сынын колдоосу менен Кемин райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу аркылуу жатакана кылууга капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, Кемин районундагы медицина кызматкерлерине шарттар түзүлүп, оорукана жетишпеген кадрлар менен толукталат.

Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар

2024-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кемин районунун саламаттык сактоо уюмдарына 1 даана медициналык тез жардам унаасы жана санэпид кызматына 1 унаа берилген.

Соцконтракт акимдин көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жакырчылыктан чыгаруу максатында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучуларды колдоо иретинде өз алдынча иш ачуу үчүн 100 000 сомдон социалдык контракт 2022-жылы – 50 үй-бүлөгө жана 2023-жылы 15 үй-бүлөгө берилсе, 2024-жылы 65 үй-бүлөгө берилди; ошондой эле 2024-жылдын аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 8 үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде жардам берүү боюнча иш пландаштырылууда. Соцконтракттын катышуучулары акимдин жана айыл өкмөттөрдүн көзөмөлүндө турат.

Маданият, спорт колдоого алынган

Маданият тармагында Кемин району облустук, райондук деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып келишет.

Алсак, Чуңкурчак жайлоосунда өткөн “КымызФест – 2024” этнофестивалына катышып, Кемин районунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү байгелүү орундарга ээ болушту.

2024-жылдын 17-июлунда райондук маданият кызматкерлери, китепканачылар менен биргеликте “Китеп Кербени” иш-чарасы уюштурулду.

Казакстан Республикасынын Атырау  шаарында өткөн Азия жана Океания чемпионатында Кемин балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин 4 спортчусу байгелүү орундарга ээ болушту.

Тайландда өткөрүлгөн “Кубок Мира” чемпионатында оор атлетика боюнча Муратбек уулу Ишенбек 3-орунга ээ болду.

Ошондой эле  Асакеева Луиза казак-күрөш боюнча  Казакстанда  болгон “Көчмөндөр оюнунда” 2-орунду ээледи.

“Тазалык бизден башталат” акциясы

«Тазалык бизден башталат» акциясы активдүү жүрүүдө.  Кемин райондук мамлекеттик администрация  башчысы-аким К.А.Шакировдун демилгеси менен райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте тазалык боюнча жөө жүрүш уюштурулуп,  үймө үй кыдырып, ар бир жаранга тегерек четин санитардык таза күтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул багытта иштер ар бир айыл жана шаарлар боюнча жүрүп жатат.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаАлдыда шайлоо: даярдык, саясий кырдаал кандай?
Кийинки макалаСүйүндүргөн жана күйүндүргөн кабарлар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз