Сүйүндүргөнү…
19-сентябрда маалымат агенттиктери Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы №19 орто мектептин кошумча имараты жергиликтүү тургун, жеке ишкер Кубат Досматовдун демөөрчүлүгү менен бүткөрүлгөнүн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 180 окуучуга ылайыкташкан эки кабат жаңы корпус жана кичи футбол аянтчасы 18-сентябрда ачылган. Кошумча корпустун имаратынын курулушу быйыл жазында башталган.
Мектепте класстык бөлмөлөр жетишпегендиктен 2023-2024-окуу жылында башталгыч класстын окуучулары үч нөөмөттө билим алышкан. Эми курулуп бүткөн алты бөлмөдөн турган имаратта башталгыч класстар билим алып, эки нөөмөт менен окушат. Мектептин курулуш материалдары үчүн 7-8 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталган.
Айыл өкмөтү кошумча корпусту курууга 850 миң сом бөлгөн.
Баса, бул ишкердин биринчи жолку кайрымдуулук, соопчулук иши эмес. Маалымат каражаттары билдиришкендей, буга чейин – 2020-жылдын 13-январында ошол эле айылдын Кызыл-Алма участогуна К.Досматовдун демөөрчүлүгү менен эки кабаттуу 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулган. 2019-жылдын жай айларында башталган бул курулушка устачылыкка жергиликтүү тургундар тартылган.
Аталган мектеп 1954-жылы ачылган. К.Досматов айткандай, окуучулар кышкысын бир нече чакырым жол жүрүп, кыйналып сабакка барып келишчү. Ата-энелердин суранычы боюнча мектептин курулушуна жардам берип, башка ишкерлерди да келечек муундарга камкордук көрүүгө чакырган. Курулушка эмгек мигранты 6 млн. сомдук, Арстанбап айыл өкмөтү 200 миң сомдук салым кошкон.
Демөөрчүгө «Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Мектепте учурда 1310 окуучу билим алып, 68 мугалим жана 24 техникалык кызматкер иштейт.
…Күйүндүргөнү
18-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы Чүй облусунун Сокулук районундагы Гаврилов мектебине жанаша жайгашкан жалпы аянты 18 060,0 чарчы метр имарат мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди.
1992-жылы мектепти Шопоков атындагы айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алган. Кооператив 2006-жылы Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен 12,5 млн. сомго мектепти сатып алуу келишимин түзүп, министрлик көрсөтүлгөн сумманы кооперативдин эсебине которсо да имарат ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарылган эмес.
Эми гана көрүлгөн чаралардын натыйжасында бааланган наркы 255 млн. 649 миң сомду түзгөн имарат мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аны менен катар Сокулук районунун Жыламыш айылындагы жалпы аянты 20 га болгон территориясы менен эки кабаттуу мектептин имараты да мамлекетке кайтарылды.
Текшерүү көрсөткөндөй, жер мыйзамдары бузулуу менен 1998-жылы имарат жана территория ошол кездеги ири чиновник М.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткен. Мыйзам бузуулар менен берилгени аныкталгандан кийин гана эми ээси аны кайра мамлекетке кайтарууга аргасыз болду. Объектинин учурдагы бааланган наркы 376 млн. 339 миң сомду түзгөн.
Аксакалдын актануусу ашыкча болуп калыптыр…
УКМКнын бул маалыматы чыккандан кийин экс-спикер, экс чоң чиновник Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов аксакал 19-сентябрда Би-Би-Синин кыргыз кызматына берген комментарийинде Жыламыш айылындагы бүтпөй турган мектеп имаратын эч качан менчиктеп албаганын, эч кандай жери жок экенин, бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылганын айткан экен.
“Социалдык тармактагылардын баары тең менин сүрөтүмдү коюп, сөгүп эле жатып калышты, улуусу дагы, кичүүсү дагы. Чындыгында мен эки күндөн бери соцтармакта эң биринчи болуп калдым. «Атың чыкпаса, жер өрттө» дегендей болуп баратат. Жыламыш айылындагы бул мектеп 1992-жылы айылдыктардын суранычы менен, менин жардамым менен башталган. Бирок мен иштен кеткенден кийин каражат жок, бүтпөй калганы чын. Бул мектепти, ага караштуу жер аянтын дагы мен эч убакта менчиктештирген эмесмин. Менин менчигимде эч качан болгон эмес. Ошондуктан мен бүгүн Камчыбек Ташиевге кат жазып, менин менчиктештирип алганым тууралуу маалымат туура эмес, ага тастыктоо берип койгула деп кайрылдым. Мен эч убакта бир гектар жер дагы менчиктештирип алган эмесмин. Менде эч кандай жер менчиги, башка объект менчиги жок”, – дептир М.Шеримкулов.
Ушундай эле пикирин – ал жерге эч тиешеси жок экенин “Азаттыкка” да билдирген.
УКМКнын тактоосу
Бул өз кезегинде УКМКнын кайрадан тактоо берүүсүнө түрткү болду. Ал М.Шеримкуловдун мектеп имараты жөнүндө билдирүүсүнө кайрадан парламенттин экс-төрагасынын мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын “ээси эмесмин” деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын айтып жооп берди. УКМК М.Шеримкуловдун айткан сөзүн төгүндөгөн документтерди да ачыктады.
Аларга ылайык, 1998-жылдан бери жерди пайдаланууга укук берген мамлекеттик документке Медеткан Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрү мыйзамсыз ээ болуп келген. Мындан улам жергиликтүү бийлик органдары аталган имаратты өз балансына өткөрө алган эмес.
“Буга байланыштуу Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бир нече жолу Шеримкуловдун үй-бүлөсүнө жерди пайдаланууга укук берген мамлекеттик актыны кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Акыркы жолу 2023-жылдын сентябрь айында кайрылган. УКМКнын тийиштүү чараларынын жыйынтыгында 2024-жылдын 11-сентябрында “документтерди кабыл алуу, берүү актысынын” негизинде Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы мектептин укук белгилөөчү документи Гаврилов айыл өкмөтүнө өткөрүлдү”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Анда Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдун үй-бүлөсүнө мамлекеттик актынын түп нускасын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышканын, анткени, №021438 мамакт Жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актыларды жазуу китебинде 14.12.1998-ж.
№1141 болуп катталганы да айтылат. Ошондон улам, алардын колунда мыйзамсыз болуп келгени, а өз алдынча башкаруу органы бул объектини баланска алуу мүмкүндүгүнөн ажыраганы көрсөтүлөт.
УКМК көргөн чаралардан улам гана 11.09.2024-ж. аталган документ Гаврилов айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына ылайык, өткөрүлүп берилген. Ал жерде Жангарач айылынын жашоочусу болгон экс-спикер М.Шеримкуловдун колу да турат.
Орустар айтмакчы, “калем менен жазылганды балта менен чаап салууга болбойт” эмеспи!
Кеп кезеги келгенде…
Учурда бутуна туруп калган ишкерлерибиз бардык аймактарда көп. Алардын бир тобу Кубат Досматовдой болуп каражаттарын аябай кайрымдуулук иштерине жумшап жүрүшөт. Ошол эле учурда убагында бел оорутуп, кол жоорутпай мамлекеттик мүлктү текейден арзан приватташтыруу менен
байып алышкандардын арасынан андай соопчулук иштерди жасагандары сейрек кездешүүдө.
Соопчулук ишти мындай кой, андайлар жада калса, мыйзамсыз приватташтырып алышкандарын ыктыярдуу кайтарып берүү жөнүндө ойлонушкан да жок. Бирок, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, учурдагы коррупция менен күрөштө кол тийгистер жоктугунан улам, андайлардын дээрлик бардыгынын мыйзам алдында жооп берип калуу коркунучу Домоктун кылычындай болуп тургандыктан, ичкендери – ирим, жегендери – желим болуп жатса керек…
Мырзакат Тыналиев, “Кыргыз Туусу”


