Башкы бетке Рубрикасы жок 15 объект онлайн ачылды

15 объект онлайн ачылды

0
321

Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүтүндөй республика боюнча социалдык объектилерди онлайн-ишке киргизүү салтанатына катышты.

Алай районунун Талды-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди, ал жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын дене тарбия жана спортту өнүктүрүү борборуна айланат. Долбоордун жалпы наркы 23,8 млн. сомду түздү, анын 5 млн. сому республикалык бюджеттен, ал эми 18,8 млн. сом жергиликтүү бюджеттен
бөлүнгөн.

Кара-Кулжа районунда 275 окуучуга ылайыкталган Кебек Мамаев атындагы орто мектеп ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 146,8 млн. сом бөлүнгөн, ал эми долбоордун жалпы сметалык наркы 175,1 млн. сомду түзгөн.

Муну менен катар Ноокат районунун Үч-Бай айылында 275 орундуу мектеп ачылды. Ал толугу менен рес-публикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун наркы 117,9 млн. сомду түздү.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 60 орундуу заманбап оорукана ачылды. Эки кабаттуу имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 110 млн. сом бөлүнгөн. 900 чарчы метрлик жаңы медициналык мекемеге терапия, төрөт, гинекология жана балдар бөлүмдөрү кирет. Оорукана бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Ооган-Талаа айылынын жана анын айланасындагы 8 500дөн ашуун тургундарга бул оорукананын ачылышы жашаган жерине жакын жерде сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам  алууга мүмкүнчүлүк берет.

Республика боюнча жалпысынан 15 объекттин ачылышы болду, алардын арасында балдарга билим берүү мекемелери, мектептер, парк зонасы, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Калкты тейлөө борбору, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы темир-бетон таянычтарын чыгаруу боюнча ишкана бар.

Президент бул долбоорлор билим берүү жана спортко жеткиликтүүлүктү жакшыртууга гана эмес, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да багытталганын баса белгиледи.

Мурунку макалаПрезидент тоолуу Тогуз-Тородо
Кийинки макала«Макмалдын» мааниси чоң

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз