Башкы бетке Министрлер кабинети Нарында күйөөсү бычактаган аял окуя тууралуу айтып берди

Нарында күйөөсү бычактаган аял окуя тууралуу айтып берди

0
510

  Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү күйөөсү бычактаган аялдан ооруканага барып кабар алган. Аялдын мойнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу Нарындагы соода борборлордун биринин ашканасында иштечү. Жолдошу буга чейин да кол көтөрүп, зомбулук көрсөтүп келгендиктен, июлда балдарын алып үйүнөн кетип калганын айткан. Жубайлардын 3 баласын азыр келиндин иниси карап жатканы маалым болду.

«Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем«, — деген келин.

Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Ал эми Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырган.

Шектүүгө «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30-октябрга чейин тергөө абагына киргизилген.

Мурунку макалаБашкы прокурору Максат Асаналиев менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси жолугушту
Кийинки макала«Ыйман Нуру» фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз