Башкы бетке Рубрикасы жок ЖК башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди

ЖК башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди

0
1040

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорунун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берилип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Мурунку макалаКыргызстанда 77,3 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт
Кийинки макалаЖети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз