Башкы бетке Коом Мэрия троллейбус линияларын алынышы боюнча түшүндүрмө берди

Мэрия троллейбус линияларын алынышы боюнча түшүндүрмө берди

0
235

Бишкек мэриясы троллейбус линияларын алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Административдик сот «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын троллейбустук линия тармагын жана көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу боюнча чараларды жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандырды.

Чечим 2024-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аныктамада белгиленгендей, сот троллейбустук байланыш тармагын жана көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чараларды сактоо үчүн негиз тапкан жок.

Натыйжада демонтаждоону токтотуу түрүндөгү камсыздоо чаралары иш боюнча чечим чыгарылганга чейин жокко чыгарылды.

Мурунку макалаЧолпонкул Арабаев: «III Элдик курултайда өлкөдө жасалып жаткан иштерге баа берилет»
Кийинки макалаКыргызстан менен Беларустун ортосунда 9 айда 68 млн. доллар көлөмүндө соода жүгүртүлгөн

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз