Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

0
1480

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып берүүнүн башталышы – 11.00.

Мурунку макалаСадага эле эмес, соопчулук иштерден да сооп табасың
Кийинки макалаТаштандыны гүлзарга айландырып…

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз