Башкы бетке Коом Кыргызстанда 77,3 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт

Кыргызстанда 77,3 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт

0
1041

Кыргызстанда 77 миң 361 аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташкан.

2024-жылдын 1-майына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 миң 508 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо «үй бүлөгө көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган 77 миң 361 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9%ды түзөт.

Ал эми аз камсыз болгон калган үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби — ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.

Мурунку макалаЖогорку Кеңеш Зулушевди башкы прокурорлук кызматтан бошотууга макулдугун берди
Кийинки макалаЖК башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз