Башкы бетке Рубрикасы жок Алай райондук сотуна жаңы имарат берилди

Алай райондук сотуна жаңы имарат берилди

0
1247

Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсүп жаткандыгын айтты.

“Бүгүн Алай райондук соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу имаратка ээ болуп отурат. Бул адилет үйүндө мыйзамдуу, адилеттүү, негиздүү чечимдер кабыл алынып, элдин сотко болгон ишенимин арттырууга бардык аракеттерди көрөсүңөр деп ишенем”, – деди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетсек, Алай райондук соту көчүп кирген имаратты капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн. сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

Мурунку макалаДары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды
Кийинки макалаЭмомали Рахмон Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз