Башкы бетке Министрлер кабинети Дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды

Дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды

0
1289

Аксы районунда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

«2024-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңги заттары (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк автоунаа номурлары табылган. Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Мурунку макалаСадыр Жапаров «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексине барды
Кийинки макалаАлай райондук сотуна жаңы имарат берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз