Башкы бетке Саясат Кыргызстан менен Катардын Юстиция министрликтеринин кызматташтыгын жакшыртуу талкууланды

Кыргызстан менен Катардын Юстиция министрликтеринин кызматташтыгын жакшыртуу талкууланды

0
311

Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын юстиция министри – министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри Ибрагим бин Али Аль-Моханнади менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу мамилелерин бекемдөө жана эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, тараптар жарандарга укуктук жардам көрсөтүү жана юридикалык каттоо иш аракеттерин санариптештирүү боюнча кыргыз тарап менен тажрыйба алмашуу жолдорун талкуулашты.

Мурунку макалаСадыр Жапаров “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү
Кийинки макалаЭлчи Руслан Казакбаев Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз