Башкы бетке Экономика Отунду маркалоо системасы киргизилгенден бери 105 миң тоннадан ашык КММ маркаланды

Отунду маркалоо системасы киргизилгенден бери 105 миң тоннадан ашык КММ маркаланды

0
536

Мамлекеттик салык кызматы «Учкун» ААКсынын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 105,03 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады.

Ведомстводон билдиришкендей, 58,07 миң тонна дизелдик отун жана 46,9 миң тонна бензин маркаланды.

Мындан сырткары, октябрь айында милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери КММга акциз салыгынан 513,3 млн сом келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги түшүүлөрдүн деңгээлинен 117,5%га көп.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Мындан сырткары, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

Мурунку макалаКыргызстандын элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды
Кийинки макалаСадыр Жапаров: «Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз