Башкы бетке Рубрикасы жок Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

0
390

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан улуттук суу форумунда айтты.

«Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын сакталышы – мунун баары бизден кечиктирилгис жана координацияланган чечимдерди кабыл алууну талап кылат», — деди Төрөбаев.

Ошондой эле Төрөбаев биргелешкен аракеттер менен гана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактап, келечек муундар үчүн аймакты таза суу менен камсыз кылууга болорун белгиледи.

Белгиленгендей, акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү, суунун булганышы, жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу жана экосистеманын начарлашы, Ысык-Көлдү ар кандай көптөгөн коркунучтардан сактоо үчүн алдын-ала тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур кылууда.

Мурунку макалаБишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду
Кийинки макалаНурланбек Шакиев Беларустун элчиси Сергей Молуновду кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз