Башкы бетке Коом Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду

0
391

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү ГИССИП институтунун адистери менен биргеликте Элебаев көчөсү, 46 дарегиндеги унаа токтоочу жайлары бар 7 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштерин карап чыкты.

Текшерүүдө жер төлөнүн монолиттүү темир-бетон каркасында жана 1-кабытында курулуш нормаларынын бузулушу, 3,4-кабаттардын дубалдарын кыш менен көтөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

Комиссиянын негизинде текшерүү актысы түзүлүп, аныкталган бузууларды четтетүү туралуу жазма эскертме берилген.

Натыйжада аталган турак үйдүн курулушу Жер титирөө институтунун коротундусу чыкканга чейин токтотулду.

Мурунку макалаСаха Республикасынын башчысы иш сапары менен Кыргызстанга келди
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз