Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Анын алкагында Сыргабаев «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 4-5-чакырым аралыгындагы темир жол менен унаа жолдун кесилишинде салынып жаткан өтмөктүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Жумуш иштери аяктоо алдында турат.
Ошондой эле министр саатына 240 жана 180 тонна асфальт-бетон чыгарган заводдордун ишмердүүлүгү менен дагы таанышты. Бүгүнкү күндө заводдор аталган унаа жолдун 0-71-чакырымдар аралыгына асфальт-бетон чыгарууда.
Андан соң министр көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды. Азыркы тапта Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 17-чакырымында көпүрө салуу жумуштары 70 пайыз аяктаганы маалым болду. Ошондой эле аталган жолдун 56-чакырымына узуну 6, туурасы 3 метр көпүрө салуу мерчемделүүдө.
Ведомство жетекчиси Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 38- 71-99-чакырымдарындагы асфальт басуу иштерин барып көрдү.
Министр тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, эскертүү берүү менен жумушту тездетүүнү тапшырды.


