Башкы бетке Коом Автобекетти көчүрүүгө Бишкектин кеңейиши жана шаар калкынын өсүшү себеп болду

Автобекетти көчүрүүгө Бишкектин кеңейиши жана шаар калкынын өсүшү себеп болду

0
375

Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев калаадагы автобекеттин көчүрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, буга чейин элди тейлеп келген чыгыш жана батыш автобекеттери жайгашкан жер шаардын чети болуп саналып, курулуш ушул жерге түшкөн.

“Ал эми азыр Бишкек шаарынын аймагынын кеңейиши жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу автобекеттерди сыртка чыгаруу учурдун талабы болууда. Жарандардын шаар ичиндеги кыймылын ыңгайлаштыруу, жол тыгындарын азайтуу максатында автобекетти көчүрүү идеясы келип чыкты», — деди ал.

Жамалбек Ырсалиевдин пикиринде мэрия же кандайдыр бир жеке тараптардын кызыкчылыгы үчүн бул автобекет көчүрүлүп, бошотулуп жаткан жок. Автобекетти көчүрүү маселеси буга чейин эле көтөрүлүп, тиешелүү тараптарга эскертилип келген.

“Ал жерди эч ким менчиктеп ала албайт. Курулуш куруп алат, же көп кабаттуу үйлөр салынат деп айтылган сөздөр чындыкка жатпайт. Андай маалымат чыгарууга да эч кандай негиз жок. Бул жерлер мамлекеттин өзүнүн карамагында гана болот. Алдын ала эскертүүлөр болуп, жайкы сезон учурунда иштеп алалы, 31-августка чейин кое тургула деген сунуштарына биз макул болуп аягына чейин күттүк. Эми өз убактысы келгенде автобекет көчүрүлдү”,- деди Ырсалиев.

Белгилей кетсек, чыгыш автобекети 1 гектар 33 сотых жерди ээлеп келген болсо, батыш автобекети 5 гектардай жерде жайгашкан. Азыркы учурда Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекетинде” жарандардын каттоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Автобекетте талапка жооп бере турган күтүү залы, тамактана турган ашкана, дүкөн бар.

Мурунку макалаТранспорт министри Ысык-Көлдөгү жол оңдоо иштерин текшерди
Кийинки макалаБир суткада 73 мас айдоочу кармалган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз