Башкы бетке Рубрикасы жок Кара-Суу районунда 120 орундуу бала бакча курулду

Кара-Суу районунда 120 орундуу бала бакча курулду

0
28

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айылында жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана объектинин наркы 70,7 млн. сомду түзөт.

Бала бакчанын имараты долбоор боюнча 120 орунга ылайыкталган, эки кабаттан турат. Объекттин жалпы аянты 619 чарчы метр.

Анда заманбап шартта салынган топтук таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана сырткы ойноо аянтчасы каралган.

Мурунку макалаКыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн
Кийинки макалаПрезидент: “Юридикалык академиянын максаты – прокуратура үчүн кадрларды даярдоо”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз