Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров: “Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды”

А.Жапаров: “Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды”

0
1061

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразия тобунун 40-пленардык жыйынында.

Ал өз сөзүндө өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында шайлангандан бери Кыргызстанды сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине чыныгы берилгендигин көрсөттү. Биз акыркы 3 жылда салык жыйымдарын 3 эсеге, бажы кирешелерин 4 эсе өсүүсүнө жетиштик, экономиканын орточо өсүшү 7%га, ИДП дээрлик 2 эсеге өстү.

Натыйжалуу башкаруунун, ачык-айкындуулук жана отчеттуулукту жайылтуунун, санарип технологияларды кеңири колдонуу, фискалдаштыруу, экономиканы накталай эмес төлөмдөргө өткөрүүнүн аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү”, – деди Жапаров.

Мурунку макалаПрезиденттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты
Кийинки макалаА.Жапаров: “Курулушу созулуп келе жаткан мектептердин 80%ы бүткөрүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз