Башкы бетке Рубрикасы жок Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

0
1098

Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Күн мурун жаңы дайындалган биринчи орун басарды президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Белек Сакиев менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эмгек жамаатына тааныштырган.

Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы — акими кызматтарын аркалап келген.

Мурунку макалаТелефон шылуундарынан сак болуңуз!
Кийинки макалаА.Жапаров: «Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз