Башкы бетке Экономика Кыргызстанда 41 млн. долларга фармацевтика комплекси курулат

Кыргызстанда 41 млн. долларга фармацевтика комплекси курулат

0
88

Кыргызстанда 41 миллион долларга фармацевтика комплекси курулат. Бул тууралуу  “Ынтымак Ордодо” өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Министрлер кабинети менен «Стандарт Фарм Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык макулдашуу жактырылды.

Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылат. Эки этапта инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү 41 миллион 200 миң АКШ долларын түзөт.

Мурунку макалаЧет элдик туристтер Кыргызстанга 807,7 млн. доллар жумшады
Кийинки макалаЧолпон-Атада 60 млн. сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз