Башкы бетке Коом Ысык-Көлдө ТМУнун бизнес форунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Ысык-Көлдө ТМУнун бизнес форунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

0
1340

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форумунун алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн кол өнөрчүлөрдүн жана буюмдардын көргөзмөсү өттү.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, көргөзмөгө түрк мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери келип, коюлган продукциялар менен таанышып, улуттук тамак-аштардан даам татышты.

Иш-чарага министрдин орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстанда аккредиттелген өлкөлөрдүн элчилери, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдөн – Венгриядан, Түндүк Кипрден жана Европа палаталарынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын бай маданиятын жана салттарын чагылдырган кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, зергер буюмдар, текстиль жана тамак-аш азыктары коюлду. Форумдун коноктору экспонаттарды кызыгуу менен карап чыгып, чеберлерге суроолорун берип, жергиликтүү деликатестерден даам татышты.

Форумдун катышуучулары иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешип, түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдиришти.

Мурунку макала“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун илгерилетүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кийинки макалаБайсалов: “Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюму менен экономикалык кызматташууга басым жасайт”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз