Башкы бетке Рубрикасы жок Байсалов: “Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюму менен экономикалык кызматташууга басым жасайт”

Байсалов: “Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюму менен экономикалык кызматташууга басым жасайт”

0
1449

Ийгиликтүү өз ара өнүгүүнүн ачкычы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөлөрүнүн ортосундагы соода тоскоолдуктарын андан ары жоюу болуп саналат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес-форумунда билдирди.

Байсалов белгилегендей, Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында экономикалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасоого ниеттенүүдө.

“Биринчи кезекте бул өз ара сооданы көбөйтүүгө жана тез өнүгүп жаткан секторлордо, келечектүү багыттарда ири инфраструктуралык долбоорлорду колдоого тиешелүү. Кыргызстан ошондой эле уюмду өнүктүрүүгө, бардык багыттар боюнча аймактык жана аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого өзүнүн иш жүзүндөгү салымын кошууга ниеттенүүдө”, – деди Байсалов.

Ал ошондой эле бүгүнкү бизнес-форум Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө ТМУнун бизнес форунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү
Кийинки макалаБишкек мэриясында Кытай делегациясы менен жолугушуу өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз