Башкы бетке Экономика Элчи Токобаев Дүйнөлүк банктын Кувейт жана Катардагы туруктуу өкүлү менен инвесторлорду тартууну...

Элчи Токобаев Дүйнөлүк банктын Кувейт жана Катардагы туруктуу өкүлү менен инвесторлорду тартууну талкуулады

0
399

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Дүйнөлүк банктын Кувейт жана Катардагы туруктуу өкүлү Доктор Зияд Накат менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга инвесторлорду тартуу жолдору жана келечеги, ошондой эле Кувейттеги инвестициялык институттар жана жеке сектор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Мында, туризм, айыл чарба, курулуш жана исламдык банк кызматтары сыяктуу приоритеттүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мурунку макалаБыйыл Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн толук камсыздай алды
Кийинки макалаМамлекеттик ипотека. Жыл аягына чейин 2 миңден ашык үй-бүлө батир менен камсыздалат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз