Башкы бетке Коом Бир суткада 73 мас айдоочу кармалган

Бир суткада 73 мас айдоочу кармалган

0
386

Дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында «Бахус» аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды.

Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
  • карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Мурунку макалаАвтобекетти көчүрүүгө Бишкектин кеңейиши жана шаар калкынын өсүшү себеп болду
Кийинки макалаАдылбек Касымалиев: «Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз