Бишкек мэриясы белгиленбеген жерлерге жарнамалык жарыяларды чаптоого тыюу салынарын эскертет.
Билдирүүгө ылайык, жарнамага илүүгө арналбаган тосмо, дубал, аялдама, жарык берүүчү таянычтар жана бак-дарактарга маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.
Мындай тартип бузуулар катталса, Муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 1 миң сом, ал эми юридикалык жактаргга үчүн 5 миң сом айып салынат.


