Башкы бетке Коом 2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга айып пул салынат

2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга айып пул салынат

0
432
2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими (ОСАГО) жокторго айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга ОСАГОсу жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган.

ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик машинасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда эле айып пул салууну пландап, бирок ал аракети улам жылдырылып келген.

Мурунку макала“Жашыл энергетика фонду” ГЭС куруу боюнча конкурс өткөрдү
Кийинки макалаЧаткалда кар көчкү басып калган алты адам изделип жатат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз