Башкы бетке Министрлер кабинети Баңгизат сатууга шектелип УКТ мүчөлөрү кармалды

Баңгизат сатууга шектелип УКТ мүчөлөрү кармалды

0
1249

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция жана атайын кызматтын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүп, натыйжада баңгизатын туруктуу канал аркылуу сатуу менен алектенген адамдардын уюшкан топ аныкталды. Кылмыштуу топтун ар бир мүчөсүнүн жумушу жана ролу бөлүнгөн болуп, бул жагдай баңгизатын ири өлчөмдө сатууга мүмкүнчүлүк түзүп келген.

Күч кызматкерлеринин аракетинде кылмыштуу топтуп мүчөлөрү 1994-жылы туулган А.К. жана 1982-жылы туулган З.М. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүшүп, «гашиш» баңгизатттары табышкан.

Кармалгандар милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушат.

 

Мурунку макалаН.Шакиев Кемин районундагы айрым социалдык мекемелердин абалы менен таанышты
Кийинки макалаШвейцариянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз