Башкы бетке Коом Швейцариянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Швейцариянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

0
1256

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис 3-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

КР Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ал министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.

Швейцариялык саясатчы сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкуулашат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассисти президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Мурунку макалаБаңгизат сатууга шектелип УКТ мүчөлөрү кармалды
Кийинки макалаЭрбол Султанбаев Беларустун финансы министри Юрий Селиверстов менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз