Башкы бетке Экономика Сауд өнүктүрүү фонду: Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн доллар бөлүү каралат

Сауд өнүктүрүү фонду: Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн доллар бөлүү каралат

0
433

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн АКШ долларын бөлүүнү карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушканда айтылды.

Анда кызматташууну тереңдетүү маселелери, Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады. Ал фонд учурдагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Мурунку макалаИИМ: Түрмөдө опузалап акча талап кылган шектүүлөр аныкталды
Кийинки макалаЕвразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз