Башкы бетке Рубрикасы жок Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол...

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

0
406

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Протокол менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт (донор) катары бөлүү каралган, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатка, атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, ирригация билим берүү жана өлкөнүн экономикасынын башка секторлорундагы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу таасирин тийгизет.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өнүктүрүү институту статусуна ээ болушу Кыргыз Республикасынын социалдык секторуна жана мамлекеттик башкаруу секторуна гранттык жана техникалык жардамдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап кетсек, мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мурунку макалаСауд өнүктүрүү фонду: Кыргызстандагы 38 мектептин курулушуна 50 млн доллар бөлүү каралат
Кийинки макалаБишкекте 4 акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз